Катуу бороондун айынан Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу жабылды

Катуу бороондун айынан Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-март күнү саат 03:30 чамасында болгон катуу бороондун айынан Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 227-чакырымында кар күрткүлөрү толуп, жол убактылуу жабылган. Учурда жолду тазалоого мүмкүнчүлүк жок. Бирок 1 бульдозер, 1 грейдер, 1 жүктөгүч жана 1 атайын кар тазалагыч унаалар бороон токтоору менен жолду тазалоого даяр турушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан