Японияда 117 жаш курагында дүйнөдөгү эң улгайган аял көз жумду

Японияда 117 жаш курагында Жер жүзүндөгү эң улгайган аял Мисао Окава көз жумду. Ал акыркы жылдары Осака шаарындагы карылар үйүндө жашап келгенин жана 1-апрелде дүйнө салганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалым болгондой, Мисао Окава өзүнүн туулган күнүн эрте белгилөөнү чечип, ушул жылдын 4-мартында карылар үйүндө анын туулган күнү өткөрүлгөн. Мекеменин кызматкерлери Окаванын угуусу начарлап, анын жай кыймылдай баштаганын айтышкан. 

Мисао Окава 1898-жылы 5-мартта туулган. Ал 1919-жылы турмушка чыгып, үч балалуу болгон. Азыр анын эки кызы, уулу, 4 небереси жана 6 чөбөрөсү бар. Окава 2013-жылы эң картаң аял катары "Гиннесстин рекорддор китебинин" сертификатын алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Munarka
2015-04-01 14:12:47
биздин энелерибизгеда ушундай жаш берсин кудайым
+1
beka1207
2015-04-01 14:53:33
узак жашоонун сырларын калтыра кетти бекен раматылык энебиз
0
Beka1986
2015-04-01 15:22:24
Менин чон атам 1902-жылы туулган,2013-жылы 111 жаш курагында дуйно салды.4 уул,4кызы бар.Уулдарынан 29 небере,38 чебере,1 кыбырасы болгон.
+7
Bektur2
2015-04-01 15:50:51
Кандай бактылуу 1 кылымдан ашык жашаган кейиштусу карылар уйундо жашаганы Ушундай омур берсин, карылар уйун коргозбосун кудайым
0
danyar_98
2015-04-01 21:50:29
125 жаштагы Ракыя апачы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан