Кыргыз Республикасынын тышкы мигранттарынын 60-70 пайызын жаштар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде парламент жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары
Марат Нуралиев билдирди.
Анын айтымында, тышкы миграцияда жалпысынан 700 миңге жакын кыргыз жараны катталган. Мындан тышкары чиновник өлкөдө 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандар калктын 30 пайызын (1 миллион 683,4 миң) түзөрүн белгиледи.