“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу, жаш жарандарды социалдык жактан колдоо үчүн социалдык-экономикалык, укуктук, уюштуруучулук шарттар менен кепилдиктерди түзүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары үчүн өнүктүрүү. 

Талкууда депутаттар жаштар саясаты жөнүндө атайын конкреттүү пландар, багыттар жоктугун айтып, өкмөт мыйзам долбоору менен кошо конкреттүү программаларды дагы иштеп чыгышы зарылдыгын айтышты. 

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан