Социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар боюнча аргасыз карыздарды кечүү демилгесин парламент жактырды

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана толук төлөбөгөндүгү үчүн санкцияларды кечүү боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, кудуретсиздик жол-жоболору аяктаган ишканалар менен уюмдардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 36,8 миллион сомду түзөт. Карыз ээлеринин азыр кайда экени белгисиз болгондуктан, бул карыздарды сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгү жок.
“Ал эми юридикалык жак катары түзүлбөгөн дыйкан чарбаларынын туумдары менен айыптык төлөмдөрү боюнча аргасыз карыздары 19 миллион сомдон ашты. Азыр өлкөдө 250 808 ушундай төлөм ээлери бар, алардын басымдуу бөлүгү төлөөгө жөндөмсүз. Ошондон улам негизги карызды калтырып, аларга карата туумдар менен айып төлөмдөрүн кечүү сунушу киргизилип жатат. Ушуну менен биз бул маселеге биротоло чекит коюуну чечтик”,- деди чиновник.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан