2015-жылдын соңуна чейин Бишкектеги өндүрүш абоненттерине 15 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Борбор калаада электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системине кошулган “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу улантылууда. Азыркы учурда 4 дал ушундай эсептегичти “Түндүк электр” борбор калаадагы соода борборлоруна орнотту. Ал эми 2015-жылдын соңуна чейин Бишкек шаарындагы өндүрүш абоненттерине 14 636 акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу аталган ишканадан 31-мартта билдиришти. 

"Айчүрөк" соода борборунун энергетиги К.Галкинге 31-мартта саат 09:00 бөлүштүрүү компаниянын адистерине электр жабдууларга зарыл жумушту жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн эскертүү жиберилген. Жумуш учурунда соода борборунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, саат 13:00 чамасында электр жарыгы берилет.

Өткөн аптада мындай эсептегичтер Бишкектеги Мамлекеттик циркке, Республикалык диагностикалык борборго, Бакыт өргөөсүнө, “Мостдорстрой” ЖЧКсы жана бир катар жалпы азыктануучу ишканаларга орнотулган. Бүгүнкү күндө Бишкектеги өндүрүш абоненттерине 2 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулду. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан