Тайырбек Сарпашев фермерлерди биригүүгө жана лизингге жаңы техникаларды алууга чакырды

Кыргыз жеринде айыл чарба тармагына заманбап технологияларды киргизүүгө быйыл 150 миллион доллар бөлүү пландалууда. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 3-апрелде Талас облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн өкмөттүн колдоосу зарылдыгын белгиледи.
"Бул тармакта алдыга жылыштар бар, аны жандантуу жана кеңейтүү керек. Апрелдин аягында Араван районунда агрардык тармакка заманбап технологияларды тартуу жана аны жайылтуу боюнча республикалык конференция өтөт. Фермерлерди биригүүгө жана лизингге жаңы техникаларды алууга чакырам. Май айынын акырында "Айыл-агро-3" Эл аралык көргөзмөсү өтүп, фермерлер айыл чарба тармагындагы техникалар боюнча акыркы жетишкендиктер менен таанышышат",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан