"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамга кол койду. Маалыматты 6-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдары катары кабыл алынган бир катар техникалык регламенттер күчүн жоготту деп тааныйт.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан