Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү комитеттин 6-апрелдеги жыйынына чакырылган министрлердин себепсиз келбей калганына нааразы болушту. Буга аталган жыйынга Каржы, Айыл чарба жана мелиорация, Энергетика жана өнөр жай министрликтеринин башчыларынын ордуна орун басарлары келгени себеп болду.
"Министр жумушчу иш сапары менен жүрсө же жүйөлүү себептери бар болсо гана комитеттердин жыйындарына келбөөгө уруксат берилет. Эгер себепсиз келбей калса, тиешелүү маселени кароодон баш тартышыбыз керек",- дешти депутаттар.