Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия падышалыгынын ортосундагы "Кызматташтык жөнүндө" башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн башкы макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.