"Биздин мамлекет туруктуу өнүгүп жатат" деди президент Алмазбек Атамбаев

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасында өлкө туруктуу өнүгүп жатканына токтолду. Анын айтымында, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү акыркы 5 жыл ичинде 2,2 эсеге өстү. "Дарыгерлердин орточо эмгек акысы 2,5 эсе, мугалимдердики 1,9 эсе, милиция жана аскерлер кызматкерлериники 2,1 эсе өстү, ал эми орточо пенсиянын көлөмү 2100 сомдон 4600 сомго чейин жогорулады. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдардын көлөмү 3 эсе өстү",- деди президент.
Мындан тышкары мамлекет башчы өлкө өнүгүү үчүн биринчи кезекте туруктуулукту сактоо керектигин кошумчалады.
"Өлкөдө көйгөйлөр көп, бирок биз бул көйгөйлөрдү кандай чечиш керек жана кандай багыт менен жүрүү керектигин билебиз. Бул үчүн бизде жол картасы бар. Ошондуктан өлкөдө тынчтык жана туруктуулук керек",- деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев: "7-Апрелдин шейиттери - кыргыз элинин Данколору"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан