Учурда 605 эшектин этин эмне кылуу боюнча маселе чечилүүдө

Учурда 605 эшектин этин эмне кылуу керектиги боюнча маселе чечилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйын учурунда Тамак-аштын коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес оорулар бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев билдирди. Анын айтымында, Ветеринардык кызмат Улуттук академиянын
Биоинститутунан 270 жана "Фрунзе" заводунун муздаткычынан 335 эшектин этин таап чыккан.

“Эшектин эти боюнча коомдо чуу чыкканда 25-февралда мамлекеттик органдардан жана министрликтерден комиссия түзүлгөн. Алар бир катар тамактануучу жайларды текшерүүгө алышкан жана эшектин этин табышкан эмес. Бирок эт азыктарынын туура эмес сакталганы жана санитардык нормаларга жооп бербеген жерлерде союлганы аныкталган. Азыркы тапта Ветеринардык кызматтын буйругу менен Улуттук академиянын Биоинститутундагы 270 жана "Фрунзе" заводунун муздаткычындагы 335 эшектин этин жок кылуу керекпи же чет элдик ишкана менен түзүлгөн келишимге ылайык Гонконгго жиберилеби, бул маселе чечилип жатат”,- деди Базарбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
ainuska00
2015-04-08 14:15:33
кызыкбыз.....гонкгонго жонотсо кытайлар озубузго сатат кайра эле переработка кылып....орун алмашуудан сумма озгорбойт
+4
bom.bon
2015-04-08 14:40:58
Гонгконгко саталбай калдыго.себеби албайт.эшек этин эмне кылалы эмес эшек сойуп саткандарды эмне кылалык десенер туура болмок!
+4
beka88
2015-04-08 15:09:22
ооо АЛЛАХ ыйман бер ушуларга
0
bibi87
2015-04-08 15:44:14
Президентти баш кылып, премьерди тош кылып чакырып, Жогорку кенешти да кысыр калтырбай чакырып, биринчисине куурдак, экинчичине шорпо, учунчусуно беш бармак кылып бергиле
+4
nazira1989
2015-04-08 18:42:55
bibi87,манты да жасашса болот экен,эшектин майын сызгырып коюшуптур го...)))
+1
MIRlan
2015-04-08 15:51:08
Башы иштебеген чондорго бергиле, жеешсин.
+1
nurik2103
2015-04-08 16:25:49
Ооо ото чон койгой болуптурго, ертен жогорку кенеште которуп чыгышпаса еле болду бул маселени. Талаага алып барып ексковатор менен 10 метр казып комуп салгылада ойлонуп отурбай, ойчул ойун ойлонгуча тобокелчи ишин бутурот дейт
0
elgiz0890
2015-04-08 17:44:40
орттоп жок кылыш керек ошого окшогон арам тамактын айынан онукпой жатабыз
0
kamal777
2015-04-08 18:49:58
Кайдыгерлик, манкуртизм деген ушу. Биздин элдин кул- мунозуно жараша болот.Байкуш кыргыздын эшектери багы жок экен.Турциянын тундук Кипринде,Карпас деген районунда турк-киприоттору, эшектерди атайын туристер учун кармашат. Турктордун законунда эшектерге кол тийбес деген закон киргизилген.Биздин эл катары денгелибиз томон экенине абдан кейиймин.
0
zhykyo
2015-04-08 19:06:22
ХХХ ХХХ кыргыз эли
+1
kamal777
2015-04-09 11:48:04
zhykyo, Мага ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-09 11:53:51
zhykyo, kamal777 - эскертүү!
Дагы кайталанса сайттан четтетилесиңер.
Ар бир колдонуучу өз ой пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана. Андыктан жеке айтышууларга жол берилбейт.
0
perichte
2015-04-08 19:11:08
соз жок!!!!
0
Abdyrawit
2015-04-08 19:45:42
Эшектин жомогу али бүтө элекпи? Канчанчы сериясына келип калды...
Аябай каттуу ойлонгула...Өтө чоң иш баштаган турбайсыңарбы...
0
Atyr38
2015-04-08 21:18:31
Ак уйдун ичиндеги кафеге эле откоруп бергиле депу р тез эле жеп койушат курсактары кенири го тез синип кетет ашказанга
0
Sadyrov_n93
2015-04-08 23:30:25
Каяктагы Гонг-Конг,дагы элдин башын айлантайын деп атышат окшойт.Эч качан эшек этин ал жака жибере алышпайт бул-коз боёмочулук гана.
0
st1m_
2015-04-09 00:32:47
Жогорку Кенеш менен окмоттун составы шаардык кенештин депутаттарына айтсанар отту улуу жагып,этти былкылдата кайнатып, чуйгундоп беш бармак жасап опера балетти ала коюшуп жолдорун деги жакшы билишет бир ай бир ай майрамдап койгула да ошо этти жоготуш да проблемабы жарыктыктар,эч уялбагыла, эшектерге деле сообу тиет.
+1
make2
2015-04-09 01:00:11
сойгондорду да эшек пешеги менен көмүп салыш керек ошондо баары ыраазы болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан