"Центерра" менен сүйлөшкөн бир жылдык эмгегибизди Дүйшөн Ирсалиев бир күндө текке кетирди" дейт өкмөт башчы Оторбаев

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында "Кумтөр" маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып "Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн текке кеткенине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди күнөөлөдү. "Центерра" менен сүйлөшкөн бир жылдык эмгегибизди бир гана адам текке кетирип салды. Мындай болбош керек. Ошон үчүн аны кызматтан бир ай четтетип турдум. Ошондой эле анын жоопкерчилигин кароо боюнча комиссия түздүм",- деди Оторбаев. 
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бир жылдан ашык убакыттан бери "Центерра" менен кыргыз мамлекетинин ортосунда биргелешкен ишкана түзүү, ал болбосо улутташтыруу боюнча 6 токтом долбоорун кабыл алган. Буга ылайык, өкмөт чет элдик юристтерди жалдап, канадалык ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан