Кылычбек Шакиров: "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүүгө макулмун"

"Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүүгө, "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдү мындан ары улантууга макулмун",- деп билдирди "Кыргыз алтын" ишканасынын директорунун орун басары Кылычбек Шакиров парламенттин 9-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, биргелешкен ишкананы түзүү боюнча кыргыз тараптын талаптары аткарылууда, бирок жетишсиз болууда. "Биз талаптарды аткартуу менен сүйлөшүүлөрдү улантууга макулбуз. "Кыргыз алтындын" "Центерра" менен сүйлөшүү процессинен чыгуу боюнча жазуу жүзүндө чечими жок. Экинчи вариант, премьер-министр айткан сунушту карап көрүшүбүз керек",- деди Шакиров.
Айта кетсек, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" боюнча азыркыдай статусту сактап калууну жана "Центерранын" Директорлор кеңешин алмаштырууну сунуштаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан