Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйында "Кумтөр" маселеси каралып жатканда жыйынды алып барып жаткан вице-спикер
Төрөбай Зулпукаров менен депутат
Равшан Жээнбековдун ортосунда уруш чыкты. Буга депутат Жээнбековдун сүйлөөгө 1 мүнөт убакыт суроосу себеп болду.
Жыйында өкмөткө суроолорун толук берүүгө жетишпей калган депутат вице-спикер Зулпукаровго кайрылып: "Жогорку Кеңеш сенин жеке менчигиң эмес, адилеттүүлүк баарына бирдей. Сен ал жерде отурсаң эле "мен кыйынмын" деп ойлобо. Оозуңду жап!"- деп кыйкырып, микрофон берүүнү талап кылды.
Зулпукаров: "Бул жерде сен же мен эмес, чечимди парламент кабыл алат",- деди.
Мындай уруш депутатка кошумча убакыт берүүгө парламент добуш берүү аркылуу макулдук бергенге чейин орун алды.