Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жыйынында Жазык-аткаруу кызматынын органдары менен мекемелеринде иштеген кызматкерлерди ишке алуу тартиби боюнча мыйзам долбоорун карады.
Жазык-аткаруу кызматынын берген маалыматына караганда, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринде иштеген кызматкерлерди тандоо зарылдыгы бар. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, орто жана кенже кызматтагы кызматкер келишим менен ишке алынганда, аскерде милдет өтөп, курагы 30 жаштан, ал эми 5 жылдан көп иш тажрыйбасы болсо, 35 жаштан ашпоого тийиш.
Талкуунун жыйынтыгында долбоор экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.