Жогорку Кеңеште улгайган аялдарды жана өспүрүмдөрдү абактан мунапыс аркылуу бошотууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттардын айтымында, мунапыс жарыялоо социалдык жактан негизделген жараян болуп саналгандыктан, эрезеге жете элек балдарга, жаш балдары бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, 55 жаштан өткөн улгайган аялдарга карата мунапыс берүү сунуш кылынууда.

Ага ылайык, өтө оор кылмыш жасабаган 901 адамды (827си аял, 74ү жашы жете элек жарандар) абактан бошотуу пландалууда. 

Талкуунун жыйынтыгында долбоор экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан