Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик-патриоттук акция өттү. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Баткен окуясынын жана Ооган согушунун катышуучулары, Апрель революциясынын баатырлары, окуучулар жана аскер кызматкерлери катышышты. Акциянын максаты - жаш муундун мекенге болгон сезимин ойготуу.
Баткен коогалаңынын катышуучусу Рашид Ташкеевдин айтымында, аскердик-патриоттук акция бүтөрү менен согуш ардагерлери Бишкекте автоунаа менен жүрүшкө чыгышат.