Өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштери мыйзамдуу жолго салынат

Өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштерин мыйзамдуу жолго салууга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жыйынында экинчи окууда жактырды. 

Мыйзам долбоорлорунда өлкө аймагында өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери жана принциптери аныкталат. Ошондой эле өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алууга багытталган.

Долбоордо өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл бөлүгүндө тиешелүү мекемелердин ортосундагы иш-милдеттерди кайрадан чектөө каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан