Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги отурумунда башкы прокурор
Индира Жолдубаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып прокуратура кызматкерлери канча маяна алышарын айтты. Жолдубаеванын айтымында, прокуратуранын борбордук аппаратында иштеген кызматкерлердин айлыктары 16 миң сомдон 17 миң сомго чейин. Ал эми аймактарда иштеген прокуратура кызматкерлеринин айлыктары мындан бир аз азыраак экенин кошумчалады.
Жыйында 2014-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө прокуратуранын маалыматы угулууда.