Бишкекте мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери мэриянын Жеке турак жай куруу департаменти турак жай куруу тармагында мыйзам бузуучуларга 305 эскертүү берген, алардын 209у аткарылган. "Үстүбүздөгү жылдын март айында 144 эскертүүнүн 52синин аткарылбагандыгы боюнча материалдар сотко жиберилди. Ушул айдын ичинде 29 мыйзамсыз объект бузулду, 115 жеке турак үй колдонууга киргизилди, 11 курулуш-монтаж иштерине уруксат берилди",- деп билдирет мекеме.