9-июлдан 18-июлга чейинки аралыкта Беларусь өлкөсүндө 13-эл аралык өспүрүм куткаруучулардын мелдеши өтөт. Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдешке Ош шаарынын 4 мектебинин окуучулары (№31, №26, №3 жана “Олимп” мектептери) катышат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда 9 окуучудан турган курам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында машыгып жатат. Машыгуу ар аптанын бейшемби күндөрү өтүүдө. Команданын Беларуска барып келүүдөгү чыгашалары үчүн 280 миң сомду бөлүп берүү маселеси Ош шаардык кеңешинин жыйынында каралды.