Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 16-апрелде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" аттуу акциянын соңку салтанаты өттү. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин делегациясы да катышып келгенин 17-апрелде Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигиндеги Парламент аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, шериктештиктин бардык өлкөлөрүндө болуп өттү. КМШнын бардык өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн Өчпөс оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилип, шериктештиктин биримдигин символдоштурган бир отко бириктирилди. Бул милдетти КМШ өлкөлөрүнүн улуттук кийимин кийген жаштар аткарышты. Салтанатка шериктештиктин бардык өлкөлөрүнөн келген согуш ардагерлери катышып, Кыргыз Республикасынын атынан ардагер Омор Сооронкулов өкүл болду.
Айта кетсек, Бишкекте мындай иш-чара 2015-жылдын 27-мартында өтүп, ага КМШ ПААнын делегациясы жана Санкт-Петербург шаарынан келген ардагерлер катышкан.