"Өлкөдө "Бактамед" дарысын алып колдонгон 20 баланын буттары шал болуп калды". Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-апрелде ЖКнын депутаты Ширин Айтматова билдирди. Анын айтымында, аталган дары өзү чыгарылган мамлекетте сатылбайт, ал өзгөчө кедей өлкөлөргө коррупциялык схема менен экспорттолот.
“Мыйзамга ылайык, республикада пайдаланууга берилген дары-дармектердин баары препарат чыгарылган мамлекетте да сатылышы абзел. КРнын Дары-дармектер менен камсыздандыруу департаменти "Бактамедди" 2008-жылы каттоодон өткөргөн. Ал эми ушул эле препарат Испаниядан чыгарыла баштагандан кийин 2012-жылы аталган мекеме аны кайрадан мыйзамдарды бузуу жолу менен каттатып койгон. Бул дары кийин кичинекей балдардын ден соолугуна зыян алып келди. Буга байланыштуу Дары-дармектер менен камсыздандыруу департаментинин директору Рустам Курмановду жоопко тартуу керек. Курмановдун ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын-пикирлер буга чейин деле болуп келген, бирок Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Коргоо кеңеши айтылган айыптоолорго көңүл кош мамиле кылган”,- деди депутат.
Айта кетсек, "Бактамед" дарысы дем алуу органдары (пневмония, өпкө абсцесси, бронхит, тонзиллит, синусит, орто отит), жыныс жана табарсык органдары (пиелонефрит, пиелит, цистит, уретрит, простатит, эндометрит), тери органы (импетиго, дерматит) инфекциялар менен жабыркаганда дарыгерлер тарабынан берилет.
Ошондой эле холецистит, холангит, бактериалдык септицемия, менингит, перитонит ооруларын да айыктырууга пайдаланылат.