Нарын облусунда “Түбөлүк жана жашоо үчүн” деген аталыштагы акциянын алкагында облус боюнча дарактардын көчөттөрү отургузулууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүн Нарын облусу боюнча атайын ыйгарым өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, аталган акция Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган. Акциянын алкагында облус боюнча ийне жалбырактуу, жалбырактуу жана мөмө берчү дарактардын көчөттөрүн отургузуу иш-чаралары өтүп жатат. Ага облус жетекчиси Аманбай Кайыпов баш болуп, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышууда. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча атайын ыйгарым өкүлү жер-жерлерди кыдырып, жасалып жаткан иштердин сапатын өзү текшерүүдө. Муну менен катар Нарында ишембиликтер өткөрүлүп, каналдар, арыктар жана көчөлөр тазаланып, таштандылар чыгарылууда.