Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө отчётун жактырды

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитети өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө отчётту укту. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев былтыр кыргыз мамлекетинин аскер тармагында орун алган реформаларга токтолуп, өкмөттүн коррупция менен күрөшүү жаатында жетишкен ийгиликтери менен кетирген кемчиликтерин атады. Мындан тышкары ал депутаттарга уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматында ийгиликтүү көрсөткүчтөргө жетишкенин билдирди.
Жыйынтыгында парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө отчётко "канааттандырарлык" деген баа берди. Ал эми Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет өз баасын кийин берүүнү чечти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан