Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу унаа жолдорунда, Ош - Бишкек унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.