Кыргыз Республикасынын Каржы министринин милдеттерин убактылуу аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Тийиштүү буйрукка кечээ, 21-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматынан 22-апрелде билдиришти.
Буйрукка ылайык, Алмаз Бакетаев Каржы министрлигинин башчысынын милдеттерин жаңы министр белгиленген тартипте дайындалганга чейин аткармакчы. Бакетаев буга чейин каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору болуп иштеген.
Айта кетсек, мурдагы министр Ольга Лаврова 13-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кызматынан бошотулган эле.