Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүлөт. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-апрелдеги жыйынында биринчи окууда жактырды.
Бул мыйзам долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу милдеттерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга которуу боюнча укуктук нормаларды аныктоого багытталган, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, пилоттук долбоордун алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Мамлекеттик салык кызматын аныктоо пландаштырылууда.