Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.Бул долбоор никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымдарында, нике келишимин түзүү өтө олуттуу артыкчылыктарга ээ. "Азыр айрым келиндер күйөөсү таштап кеткенден кийин кыйналып жатышат, кароосуз калышууда. Мыйзам долбоору ишке ашса, ажырашып кеткенде сотко кайрылуунун жана моралдык жана материалдык бөлүшүүнүн кереги жок болуп калат",- дешет демилгечилер.