Ош облусунда качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча атайын машыгуулар башталды

Ош облусунда качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча атайын машыгуулар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 06:00дө Ош шаарында Жарандык коргонуу күчтөрүнүн катышуусунда башкаруу органдарынын атайын машыгуусу башталды. Машыгуунун максаты - чектеш мамлекеттерден келген качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча пландын реалдуулугун текшерүү, чектеш мамлекеттердин аймагында согуштук-саясий абалдын курчуган мезгилинде калкты көчүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу. Ошондой эле Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана аларды камсыз кылууга даярдыгын текшерүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kaarman89osh
2015-04-22 19:17:50
ошто кимдер качканатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан