Орусиянын аскер окуу жайларында билим алган кыргыз студенттери олимпиадада 2-орунду алышты

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жогорку окуу жайларында билим алган кыргыз студенттери Биринчи эл аралык “Баары эсибизде! Улуу Жеңиш – баарыбызга бир, баарыбыз үчүн бир!” деген аталыштагы олимпиадада жалпы командалык эсепте 2-орунду алышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган иш-чара Москва шаарында өтүп, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган. Эл аралык олимпиадага аскер жана жарандык жогорку окуу жайлардын студенттеринен турган 42 команда катышты. Алар куралдануу жана аскер техникалары боюнча алган билимин көрсөтүп, Улуу Ата Мекендик согушта СССР элдеринин көрсөткөн баатырдыктарын эскерип айтып беришти.

Олимпиадада кыргыз өлкөсүнүн атынан Орусиянын Коргоо министрлигинин Аскер университетинде окуган 4 курсант чыкты. Алардын үчөө келечектеги чек арачылар: Абдыбек Байтолоев, Алишер Алымбеков жана Арген Урбаев. Аталган курсанттар олимпиаданын 8 номинациясы боюнча күч сынашты. Анын жыйынтыгында биздин команда КМШ мамлекеттеринин арасында жалпы командалык эсепте 2-орунду багындырып, “Жеңүүчүлөр жана баатырлар” номинациясында мыктылардын алдынкы ондугуна кирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdurahman
2015-04-23 10:35:52
Баракелде!Дагы коптогон ийгиликтерге жеткиле!
0
GULZAT.83
2015-04-23 22:58:19
Азаматтар кыргыздын коргондору
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан