Бишкекте орун ала турган Билим фестивалына байланыштуу 24-25-апрель күндөрү Бишкектин айрым жолдорунда жол кыймылына чектөө киргизилет. Мэриядан кабарлашкандай, 24-апрелде Медеров көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. 25-апрелде болсо Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрү, Абдумомунов жана Раззаков көчөлөрү, Раззаков көчөсү жана Чүй кең көчөсү, Фрунзе жана Эркиндик, Абдумомунов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймактарында унаа кыймылына чектөө киргизилет.