Феликс Кулов: "Премьер-министрдин отставкага кетиши менен Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү тарабайт"

"Өкмөт башчынын отставкага кетиши менен Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү тарабайт". Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде журналисттерге депутат Феликс Кулов билдирди.
Анын айтымында, жакынкы арада премьер-министрликке талапкерди тандоо боюнча коалициялык көпчүлүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. "Мыйзамга ылайык, 15 күн ичинде коалиция бир талапкерди сунушташы зарыл. Макулдашуулар президент менен да болот. Ал эми азырынча талапкер боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр боло элек",- деди Кулов.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан