Беларусь өлкөсүндө өтүүчү куткаруучулар мелдешине кыргыз окуучулары кызуу даярданышууда

9-июлдан 18-июлга чейинки аралыкта Беларусь өлкөсүндө 13-Эл аралык өспүрүм куткаруучулардын мелдеши өтөт. Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдешке Ош шаарынын 4 мектебинин окуучулары (№31, №26, №3 жана “Олимп” мектептери) катышат. Аталган мектептин окуучулары учурда кызуу даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы аларды окутуп, атайын жайда балдар ар жуманын бейшемби жана шейшемби күндөрүндө машыгып жатышат. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн, 23-апрелде машыгууну жеринен көрүп, даярдыкка жогорку баа беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан