Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова ардагерлерге жана оорукта эмгектенгендерге (кийин социалдык өнүктүрүү тармагында эмгектенгендер) акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ж.Полотова алардын баштарынан өткөргөн кыйынчылыктары, жашоодогу тажрыйбалары кийинки муунга үлгү боло берерин белгиледи.