Өкмөт башчы Темир Сариев министр Эльвира Сариева менен билим берүү тармагындагы бир катар маселелерди талкуулады

12-майда премьер-министр Темир Сариев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен жолугушуп, билим берүү тутумуна тийиштүү учурдагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдык көрүү деңгээли, жалпы билим берүү мекемелеринин абалы, ошондой эле 2015-2016-жылдарга карата республиканын жогорку окуу жайларындагы адистиктерди даярдоого берилчү гранттык орундардын бөлүштүрүлүшү маселеси көтөрүлдү.

Премьер-министр билим берүү мекемелеринде жана башына каржылоону киргизүү маселесине көңүл бурду. Билим берүү жана илим министрлигине жакынкы арада аталган маселе боюнча бет ачарды даярдоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле билим берүүчү медреселерге лицензия берүү маселеси талкууланды. Министрликтин жетекчисине аталган маселени карап чыгып, аны чечүү боюнча тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы Эльвира Сариевага балдардын мектепке чейинки уюмдарын өзүн өзү каржылоого өткөрүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу жана андагы балдардын толук бир күн жана күндүн белгилүү убактысында окугандыгы үчүн окутуу акысын эсептеп чыгуу маселеси жүктөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан