Бишкекте 28-майда "Балдардын үй-бүлөдө жашоо укугу" аттуу улуттук форум өтөт

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 12-майда БУУнун Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Юки Мокуо менен жолугушуп, "Баланын үй-бүлөдө жашоо укугу" улуттук форумун өткөрүүгө даярдыкты талкуулады. Өкмөттүн билдиришинче, аталган форум 28-майда Бишкекте өтөт. 
"Өкмөт аталган иш-чараны өткөрүүгө абдан маани берет. Форумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер үй-бүлөдө балдардын зомбулукка кабылышынын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө карата сунуштардын топтомун иштеп чыгат деп үмүттөнөм",- деди Ниязалиева. 
БУУнун өкүлү форумдун концепциясы иштелип чыкканын айтып, бардык мамлекеттик органдардын көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан