Темир Сариев республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтүү боюнча тапшырма берди

Премьер-министр Темир Сариев 12-майда бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Республикалык бюджетти аткаруу боюнча бекитилген план өз убагында жана керектүү деңгээлде аткарылышы керектигин айтты өкмөт башчы. Мыйзамсыз ишкердик менен алектенгендер боюнча иштерди күчөтүүнү буйруган Сариев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана резервдер тууралуу кенен маалымат берүүгө 1 апта мөөнөт берди. "Бардык тапшырмалар өз убагында аткарылышы керек",- деп билдирди өкмөт жетекчиси. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан