Өкмөт жетекчиси Темир Сариев Баткенде 12-майда болгон чек ара чатагы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, Райимбердиевге окуяны объективдүү иликтөө иштерин уюштуруу тапшырмасы берилди. Өзбекстандын тийиштүү органдары менен биргеликте чатактын себептерин табуу чараларын көрүүнү буйруду. "Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү бийлик башчыларына мыйзамдуулукту сактоо боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди",- деп билдирет өкмөт.
Эскерте кетсек, кечээ Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка
алып кетишкен. Бүгүн аларды кыргыз мамлекетине кайтарып берди.