Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишим июнь-июль айларында күчүнө кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда тегерек столдун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиядагы кыргыз мамлекетинин туруктуу өкүлү Үсөн Усупов билдирди.
Анын айтымында, аталган келишим парламент тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. "Ратификациялоодон тышкары бажы түйүндөрүн даярдоо иштери аягына келип калды. Учурда бул түйүндөр 90 пайызга даяр. Жакынкы айдын ичинде Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү бажы түйүндөрүн жана лабораторияларды текшерип, корутундусун чыгармакчы",- деди Усупов.