Президент Кубанычбек Өмүралиевди Араб Эмираттарындагы башкы консулдук кызматынан бошотту
Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы Башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-майда кол койгонун президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Буга Өмүралиевдин башка кызматка өтүп жатканы себеп болду.