Орусиялык ырчылардын Бишкекке келишине байланыштуу "Ала-Тоо" аянтындагы гүлдөр убактылуу алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 15-майда билдиришти.
Маалым болгондой, эртең орусиялык ырчылар Николай Басков, Филипп Киркоров жана Жасминдин Энелер күнүнө арналган салтанаттуу концерти борбордук аянтта өткөрүлөт. Мындан улам ал жердеги отургузулган гүлдөр шаардыктар жана шаар коноктору тарабынан тепселенип калбаш үчүн ушундай чаралар көрүлгөн. “Ала-Тоо” аянтындагы убактылуу алынган гүлдөр кайрадан дүйшөмбү күнү өз ордуларына кайтарылат.
Айта кетсек, 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарада борбордук аянтка отургузулган 80 миң гүлдүн 3 миңи тепселенип жок болгон.