Сайдулла Нышанов: "Базар-Коргон районунун тургундары электр энергиясынын тарифин 1 сом кылууну сунушташты"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бүгүн, 15-майда "Парламент" радиосунун түз эфиринде аймактарда шайлоочулар менен болгон жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Депутат Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы жолугушууда мектеп турмушуна байланышкан маселелер талкуулангандыгын айтты. 

"Айрым мугалимдер өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн жаш муундарды тарбиялоого арнаса да, акырында ардактуу эс алууга чыгарда жарыбаган пенсиянын чектелип жаткандыгына нааразычылыгын билдиришти. Алардын топтолгон пенсиялык каражаты 2700-3000 сомдон гана болуп жатат. Мектептерде иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгынын аздыгы да олуттуу суроолорду жаратууда",- деди депутат.

Элдин басымдуу бөлүгү энергетика тармагындагы жоготуулардын алдын алуу зарылдыгын айтышып, электр өткөрүүчү кубаттуулугу жылдан-жылга начарлап бара жаткан трансформатордон тартып, электр мамыларына чейин алмаштырууга мезгил жеткендигин айтышканын кошумчалады депутат. "Тургундар мындай көйгөйдү чечүүдө электр энергиясына болгон тариф ыгы жок 1 сом 82 тыйын же 2 сом 05 тыйын эмес, жалпыга бирдей 1 сомдон болсо, элдин буга кудурети жетмектигин айтышты",- дейт Нышанов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан