Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев 22-майда “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамда эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда автоунаа менен ташуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузган учурларда администрациялык жоопкерчилик аныкталат.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс төмөндөгү административдик жоопкерчиликтерди белгилеген жаңы ченемдер менен толукталды:

 - эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режими бузулган учурларда;

- документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташыган учурларда;

- жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузган учурларда;

- автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн;

- автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъектилеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылган учурларда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан