Милиция сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти

Бишкекте сууда болгон кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдама автоунаасынын катышуусунда Ленин РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө сууда кырсыктарды болтурбоо, балдарга өзгөчө көңүл буруу жана аларды кароосуз калтырбоонун зарылдыгы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Милиция борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кайрылып, балдардын коопсуздугуна шек туудурган ар кандай учурлар жаралса, дароо милиция бөлүмүнө же 102 кыска номерине кайрылууну сунуштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан