Жогорку Кеңеште депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында кабыл алынды.
Жумушчу топ түзүү сунушу менен депутат Эсенгул Исаковго Самаковдун адвокаты Икрамидин Айткулов кайрылганын айтты. Сунушка ылайык, депутаттар Самаковдун кылмыш ишинин саясий жагын эмес, жер боюнча маселени иликтешет.
Жыйында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганы менен, аны жетектөөдөн депутаттар баш тартышты. Топту түзүүнү демилгелеген депутат Эсенгул Исаков "сөз болбосун" деген ой менен төрагалыктан баш тартса, башка депутаттар убакыттын жоктугу менен түшүндүрүштү. Ошентип, топтун төрагасы комитеттин кийинки отурумунда тандалмай болду.
Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.