Асылбек Жээнбеков Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирүүгө багыт алгандан бери алгылыктуу жылыштар байкала баштаганын айтты

Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирүүгө багыт алгандан бери алгылыктуу жылыштар байкала баштады. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков мындай пикирин 27-майда Орусиянын Федералдык Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен болгон жолугушуу учурунда айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков буга мисал катары 1 миллиард долларлык уставдык капиталы бар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн, ага Орусия тарап бүгүнкү күнгө чейин 150 миллион доллар жумшаганын билдирди. Ошондой эле фонддун алкагында приоритеттүү багыттагы долбоорлорду ишке киргизүү каралып жатканын айтты. Буга улай ал Жогорку Нарын ГЭС каскады өңдүү биргелешкен энергетикалык долбоорлор алдыга жылып жатканын айтып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун тезирээк ишке ашырууну эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде жакында түзүлө турган координациялык комитет аркылуу жөнгө салыш керек деген пикирге басым жасады. “Газпром” ишканасы Кыргыз мамлекетине газ өткөрүү тутумун жаңылай баштады. Биз “Газпром” менен кызматташтык боюнча туура чечим кабыл алдык”,- деди Жээнбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан