Депутаттар "бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоору чиновниктер үчүн пара алууга жол ачат" деп күмөн санашты

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралууда.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, бул долбоор коррупцияга жол ачат. "Эгер бул мыйзам кабыл алынса, чиновниктер үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө эбегейсиз чоң ыйгарым укуктар берилет. Өлкөдө 20 миңге жакын бейөкмөт уюмдар бар. Демек, алардын баары текшерилет. Эгер кандайдыр бир шектүү уюмга маалымат түшсө, ошол уюмга 6 айга иш жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн", - деди Алтыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан