Министрлик: "Өкмөт эң узун бойлуу кыргыз Жеңишбек Райымбаевге 2015-жылдан тарта айына 10 миң сомдон берүүдө"

Эң узун бойлуу кыргыз Жеңишбек Райымбаевге өкмөт тарабынан айына 10 миң сом өлчөмүндөгү материалдык көмөк көрсөтүлүп келет. Мындай маалыматты бүгүн, 27-майда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ж.Райымбаев 2010-жылдан тарта Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турат. Ал 1-топтогу майып катары министрликтин ай сайын берилүүчү жана квартал сайын берилүүчү жөлөк пулун алат. Жыл сайын эң узун бойлуу мекендешибиздин жөлөк пул катары алган каражатынын суммасы артууда. 2013-жылы ал өкмөт тарабынан 3 миң сом алса, 2015-жылдан тартып 10 миң сомдон алып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kirgizstan
2015-05-27 19:44:56
Кызык бул арызданышып жатышабы жолокпул катары алган каражатын суммасы ашууда деп жакшы тушунбодум тушунгондор айткылачы
-1
Dadasdasd
2015-05-27 19:48:32
kirgizstan,арызданбай эле . Кобоюп жатканын айтвп жатат болду .
+3
Bektur2
2015-05-27 19:49:07
бул мекендешибиздин азыркы абалына ден соолугуна 10 мин сом эмес 100 мин сом алса да аздык кылат Жениш абабызга кудайым ден соолук берип батырак сакайтсын
+2
raxatka
2015-05-27 19:55:37
Бир жеп жутарлардын, обедке жумшаган акчасы го 10 мин сом! Уят!!! Жениш мекендешибизге ден соолук берсин))
0
temirov76
2015-05-27 21:37:05
Азыр 10мин сом эмнеге жетет?
0
kama_future_millioner
2015-05-27 21:38:57
10 мин азгоо жок дегендее 25 миң берсеңер болмок
0
Taku.14.02
2015-05-27 23:22:51
Кудайга шугур кантсе да унутпай чай пайына берип атыптыр
0
Titi
2015-05-28 04:09:42
10.000сом неге жетмек эле. Док кылгандай айтыптыр министр эмес канистр экенсинер
0
E.TARZAN
2015-05-28 09:04:53
Чындыгында башка олко болгондо мындай адамды тобосуно которуп алмак. Бизде мындай адам бироо эле болсо керек.Ошого да жакшы конул бурушпайт.Чиновниктер жеп эле жата бербей айына жок дегенде 500 сомдон чогултушса деле жардам болмок дары-дармегине.Бир жагынан сооп иш деле болмок.
0
advert
2015-05-28 14:46:01
мамлекет жардам бербейт деп жатышкан, мамлекет жардам берип жатыптыр. эми спонсор таап операция кылып сакайтып алыш керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан